Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 24 жаштагы кыз кемпирдин кийимин кийип, тилемчилик кылып жүргөн жеринен кармалды

Жалал-Абадда жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталып, айып пулдар салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБи коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында "Укук жана тартип" аталышындагы рейд өткөрүүдө.

Рейд учурунда коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө автотыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып, тилемчилик менен алектенген кайырчылар менен жеке жумуштар жүргүзүлдү. Рейд учурунда 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө "эжем рак оорусу менен ооруйт” деген жалган маалыматтар камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталган.

Аталган эки жаран каттоого түшүрүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, айып пулдар салынды. Мындан сырткары, көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте “Ак-Жол” балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад ШИИБи тарабынан өткөрүлүп жаткан "Укук жана тартип" рейди 7-декабрга чейин улантылат.

Тилемчилик кылып жүргөн кемпир жаш кыз болуп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
shankol88
2019-12-05 11:28:26
Азыр ишениш кыйын болуп калды...!
+4
Wibee
2019-12-05 12:28:10
Заманын түшкүр
+4
interpol
2019-12-05 14:35:33
Баары өзбекстандан келген [moderated]
+11
murat17
2019-12-05 17:54:22
interpol,туура озбекстандык лолулор борбордо дагы кобоюп кетти
+5
Dembele84
2019-12-05 14:38:56
Тооба кылдым,лолулордун таппаганы жок экен да.
+4
katerina.li
2019-12-05 19:18:29
Интернеттен карасанар тооолтура мындай адамдар. Олло актер болушат экен
Оскар мындай эле утушат булар киного тартылса.
+2
xnurgul_gul
2019-12-05 22:12:45
Ушул Узбекистандын жолун ачып койгондон бери кобойуп кетишти джалалабад базарга тушсок наглый жок десен кетпей туруп алышат. Кыргызда негизи болгон эмес да тилемчилик узбек лолулордон уйронушту
+5
Nuri1988Elim2010
2019-12-06 07:12:16
Райондордода өткөрсө жакшы болмок, жол ачылгандан бери биздеда көбөйдү. Баласын көтөрүп алып тилемчилик кылгандар.
Кызым, балам ооруйт дегендер да көп.
0
zamir_kgz
2019-12-06 09:40:18
Мен да откондо 2 лолу кишини УВДга алып барып, дайындап келдим. депорт баскыла деп
+1
xnurgul_gul
2019-12-06 14:42:57
zamir_kgz,рас кылыптырсын,шаардын коркун бузушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан