Биз социалдык тармакта

"Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу?". Депутат Зулушев өкмөт музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат бериши керектигин айтты

Депутат Курманкул Зулушев өкмөт музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн түштөн кийин аткезчилик боюнча маселе карайбыз. Ага премьер-министр, ички иштер министри катышат. Аткезчилик маселеси каралганга чейин алар бизге музейдеги көргөзмө боюнча маалымат беришин сунуштайм. Өлкөдө маданиятыбызга, каада-салтыбызга шек жараткан окуя болду. Бала кезден баарыбыз билебиз, айыл жеринде аял киши жылаңачтанып басмак турсун, ич кийиимин көрсөтпөй жайган. Бул боюнча биздин укук коргоо органдары эмне иш кылып жатат? Кандай мыйзамдуу баа берилип жатат? Коомдук жайда абийирин көрсөтүү кандай бааланат? Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу", - дейт Зулушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Alimbek1000
2019-12-05 11:27:27
Мыйзам бузуу! Биздин маданиятка туура келбейт!
+3
Kairat1996
2019-12-05 13:06:33
Alimbek1000,
Калп эле салт дей бербегилечи акмактар. Азыркы заманда ким салты карап коюптур. Депутаттар Раиммилион маселесин карай албай эстери ооп жатат го. Жыланач кызды корбой журдунор беле.
-1
Jaznura
2019-12-05 11:30:14
Жылаңачтарды колдоп жүргөн Отунбаева "экс" президент макамынан ажыратылууга тийиш. Мындай көрүнүш бизге жат. Мындайга жол бербөө керек болчу башында эле токтотуп салбайбы?
+5
zhaku2017
2019-12-05 13:22:56
Jaznura,
Отунбаеванын оюн толугу м-н Мен деле колдом. Ал жакта элдин баары жыланач чечинип чыксын деген жок. Кыргыздын кээ бир салты кыргыздын озуно думшан. Азыр Орто кылымдын заманы эмес. Азыркы кыйкырып жаткандар илгерки кыргыздын турмушун эч корушкон эмес. Салттык тушунукту азыркы заманда колдонбошубуз керек. Жан дуйносу жакырлар орто кылымдын салтына кош келиптирсинер.
-2
Mister-X
2019-12-05 17:46:35
zhaku2017,Ой, ой, ой... Руханий байлыгы бар адамдар андай нерсеге эч качан барбайт,мейли ал капыр болсун, мейли будда болсун,мейли мусулман болсун руханий байлыгы бар адамдар эч качан жыланач болуп журбойт
0
Absamat-90
2019-12-05 11:34:10
МЕни тан калтырганы Даниядан келген кыздын чыгымы, учакта барып келгени,музейде туруп бергени, жатаканасы, тамак-ашы ото коп каражатты талап кылат? Ал чыгымдын баарын ким толоду?
+4
chake
2019-12-05 11:35:15
Турсий бул Искуство имиш ой энээң
+5
Ernestinio
2019-12-05 11:36:44
Коомдук жайда жыланачтанып жургон искуство эмес го, ал шермендечилик жана башаламандык. Мындай корунуш чет олколордо да маданият деп эсептелбейт, Японияны кошпогондо.
+3
filis
2019-12-05 13:40:08
Ernestinio,
Азыр коркунуч маданият же салт эмес, олкону кунуго миллиондоп тоногон депутаттар, Раиммилионго окшогондор, анын арасында Зулушев дагы бар.
-4
Ernestinio
2019-12-05 14:32:58
filis, в тему жазчы, эй!
+2
Bars88
2019-12-05 12:26:12
Искусство жаны нерселерди ачуу алдыга умтулуу.Жыланачтануу искусство болсо отунбай аксакалдын кызы озу бала чакасы келин кесеги болуп кочого чыгышсын дырдай жыланач.Колунан келбейт бироого акча берип чечинтишет
0
Wibee
2019-12-05 12:29:04
Башынарга
+1
zhaku2017
2019-12-05 13:15:47
Азыр орто кылымдын жашоосу эмес. Азыркы заманда салтынды эч ким сактабайт. Калп эле пияр топтомок. Мага салтындын кереги да жок. Ошол кыргыздын салты озубузго душман. Кыргыздын салты кыргызды эски орто кылымдын тушунугунон чыгара эле.
-2
filis
2019-12-05 13:37:10
Зулушев окшогондор бул жака салтты аралаштырбай эле койгулачы. Кыргыз Салтында Раим уурулар олкону тоносо болот деген тушунук жок. Анда эмнеге булар олкону тоноп жатышат. Ошолор жонундо соз кылбай жатасынар.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан