Биз социалдык тармакта

Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды

Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине Мамбетказиева Айгүл Токтобековна жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган.

Эмгек жолун 1978-жылы Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде баштаган. Тагыраагы, 1978-1980-жылдары - экскурсовод, 1980-1986-жылдары декоративдик искусство бөлүмүнүн илимий кызматкери, 1986-жылдан бүгүнкү күнгө чейин музейдеги башкы сактоочу болуп иштеген.

Жетекчилик кызматка дайындалганга чейин директордун орун басары болгон. Айгүл Мамбетказиева музей иштери боюнча республикалык эксперт.

Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде өткөн сүрөт көргөзмөдөн кийин көпчүлүк нааразычылыгын айтып чыккан. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева нааразычылыктардан кийин 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.
Философия илимдеринин кандидаты, доцент Мира Жангарачева ушул жылдын июнь айында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине директор болуп дайындалган эле.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altyn-kumush
2019-12-05 15:07:03
Эн башкысы искусствону искусстводой суйгон инсан болсун да, порнография кылып жибербесе эле болду
+4
chake
2019-12-05 15:10:52
Музейди ГЕЙ Лезбиянкаларга тебелтпей иштениз эми эжеке
+8
bond02
2019-12-05 15:22:19
Кийиминиз бекем болсун эже.
+7
sumaika
2019-12-05 17:02:55
bond02,))каалоонуз аябай жакты
0
Jaznura
2019-12-05 15:58:01
Эми эже таза кызмат өтөсүн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан