Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбековдун 3 кабыргасы сынып кеткен"

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыкка кабылган Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктап, буларды билдирди.

"Чойбековдун үч кабыргасы сынып кеткен. Ага операция жасоо пландалып жатат. Учурда абалы туруктуу", - деди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.
Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга жөнөтүлдү.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2019-12-10 00:42:32
Кутулат экен да бул дагы.
+1
tular
2019-12-10 01:06:37
bond02, операция жасатымыш болуп ооруканага жатып алатда! Болбосо Чойбековду СИЗОго камап туруш керек болчу да! Ошентип камоодон кутулат, экинчи этабында болсо соттон акталып кетет! Байкуш берки айдоочу күнөөлүү болбосо болду, бир катасын таап ага илбесе болду?!
+2
bond02
2019-12-10 03:22:27
tular,ал айдоочу каза болду окшойт.
0
Aimani
2019-12-10 02:27:45
Арактын күчү менен кетип калган да. Авариядан кийин. Эми соттолоордо операция жасатымыш болуп калды.
+1
Shaa-82
2019-12-10 14:28:48
Уч кабырга ничеее((( отуп кеттиго байкуш берки айдоочу, эхх жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан