Биз социалдык тармакта

13-14-декабрда жамгыр аралаш кар жаайт. Аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-16-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, жер-жерлерде кыска мөөнөттө кар жаайт.

10-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-декабрда күндүз жана 11-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-декабрда күндүз жана 12-декабрда түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшүшү күтүлөт.

13-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-декабрда кээ бир райондордо бир аз жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан