Биз социалдык тармакта

Эшектердин видеосу 2015-жылы тартылган. Ош ОИИБи сарайда өлүп жана көп санда багылып жаткан эшектер боюнча маалымат таратты

Интернетте мал сарайда көп сандагы эшектердин багылып жатканы боюнча тараган видеого Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымат таратты. Маалыматка ылайык, 5-декабрь күнү Фейсбук социалдык тармагында жана WhatsApp аркылуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында мал сарайда эшектердин кармалып тургандыгы жана өлгөн эшектердин сарайда жаткандыгы боюнча видео тараган.

Видеодогу маалыматты тактоо үчүн Ош ОИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттаган. Андан соң укук коргоо органдары, Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматы, Катта-Талдык айыл аймагынын башчысы, Мады айылынын өкүлү жана ошол жерди күзөткөн "Гром" жеке кайтаруу мекемесинин өкүлдөрүнөн турган комиссия кылдат текшерип чыгышкан.

"Анда Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан "Береке Мойнинг" ишканасы болжол менен миңге жакын эшек чогултуп, багуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Аталган фирма Бишкек шаарынын тургуну Сапаралиев Медетке караштуу. Ал эми короону "Гром" жеке күзөт агенттиги кайтарууга алган. Жер менен короо Кожомкулов Рамазанга караштуу. Ал бул короону ижарага берген. Ижарага берген короодо эшектерди союп этке таркаткан фактылар аныкталган жок. Ал эми социалдык тармактардагы жарыяланган видеодо эшектер кармалып турат деген жайда кар жааган мезгили сүрөттөлөт. Азыркы кезде эшектер кармалып турган жерде жыл башынан бери кар жаай элек. Иликтөө учурунда таркаган видеотасма 2015-жылы тартылганы такталды. Ал эми белгисиз жаныбардын ичегилери жана ич эттери турган сүрөт башка жакта тартылган фото экендиги тастыкталды. Учурдагы эшек кармаган жайда сүрөттөгү көрүнгөн арткы фон жок. Тасма башка жакта ал эми сүрөт башка жакта тартылган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда социалдык тармактагы жалган маалыматты таркаткан жаранды тактоо боюнча тийиштүү кызматкерлер тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba-savai87
2019-12-10 00:20:31
Аа
+3
bond02
2019-12-10 00:47:27
Кыскасы баягы чучуктар Кыргызстандын бир жерлеринде желип жатса керек дейм.
+2
tular
2019-12-10 00:56:27
Айланайындар!!! Тартылган соткасын камерасынын качествосун карасаңар?! 2015-жылдары анча тунук тарткан соткасын камерасы жок болчуда!!!
+2
portugalia
2019-12-10 01:26:53
Закон иштебей да.Ошого окшогонду элге маскара кылып анан камаш керек чекеден.Кайра акчасын жеп ал оо илгерки сурот,видео дебей
+1
guard
2019-12-10 22:37:57
Минге жакын эшектерди багып алып эмне кылышат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан