Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин комитетинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында түзүлгөн жумушчу топтордун аткарган иштери каралды

Кечээ, 9-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында түзүлгөн жумушчу топтордун аткарган иштери каралды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул аралыкта 13 жумушчу топ түзүлгөн. Анын ичинде 7 жумушчу топ билим берүү багытына тиешелүү болсо, калган 6 жумушчу топ саламаттыкты сактоо тармагына мүнөздүү иш алып барган. Алардын ичинен билим берүү чөйрөсүндөгү жумушчу топтун төртөө ишин жыйынтыктаса, саламаттыкты сактоо багытындагы 1 жумушчу топ өз корутундусун толугу менен жалпылаштырган.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, билим берүү объектилерин куруу үчүн 2018-жылы Бишкек шаарында эле 25,7 гектар жер тилкеси каралган. Анын алкагында 8 жаңы конушка жаңы мектеп, дагы 10 конушта 14 балдар бакчасы курулмак.

Учурда колдонулуп жаткан мектептердин 59 пайызы типтүү мектеп катары саналса, 41 пайызы ыңгайлашкан шартта курулган.

Депутат Садык Шер-Нияз “Министрлердин ишмердигин баалоодо, алар тарабынан аткарылган реформалардын жыйынтыгы далилдүү статистика менен коштолушу керек. Мисалы, окуучулардын англис, орус тилдерин өздөштүрүү көрсөткүчтөрү кандай болду? Бул талап билим берүү жана илим министри аткарган милдеттин көрсөткүчү болушу керек”, - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2019-12-10 09:24:22
ЖКда элге керектүү маселелердин каралганы жакшы.
0
chake
2019-12-10 09:38:27
Билим берүү минстри Исаков жакшы реформаларды баштап жатат бул киши Ошто ОШМУну чындыгында эл аралык денгээлге которуп койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан