Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 20 жаштагы кыз кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрь күнү болгон. Анда Ош шаарындагы Монуев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан 20 жаштагы кыз кокустан кулап кеткен.
"Тез жардам" кызматы кызды Ош облустар аралык ооруканасына алып барышкан. Тилекке каршы, кыз 1 сааттан кийин каза болуп калган. Учурда кыздын ата-энеси жана жакындары суралууда. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кокустук" деп катталган. Териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.