10-декабрда Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүүнүн абалы каралды.
Бул маселе боюнча биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов баяндама жасады. Берилген маалыматта акылдуу эсептегичтерди жайгаштыруу боюнча иштер аткарылып жатканы айтылып, учурда тендер жарыяланганы белгиленди.
"Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айтмамат Назаровдун билдиришинче, быйылкы жылы электр энергиясын өчүрүү болбойт. Ошондой эле электр энергиясын импорт катары Кыргыз мамлекетинен башка өлкөдөн албай турганы белгилүү болду. Ал эми электр энергиясына болгон тарифтер быйылкы жылы өзгөрбөй турганы да маалымдалды.