Биз социалдык тармакта

Ишеним кат менен жүргөн унаалардын саны белгисиз экени айтылды

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев бүгүнкү күндө өлкөдө канча автоунаа бар, канчасы ишеним кат менен жүрүп жатканын сурады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева 1-декабрга карата 1 миллион 300 унаа катталганын айтты. Ал эми анын ичинде ишеним кат менен канчасы жүргөнү эч кимге белгисиз экенин билдирди.

Аалы Карашев ишеним кат менен жүргөн унааларды тартипке алып келүү керектигин белгиледи.

Учурда Жогорку Кеңеште "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2019-12-11 10:37:15
шаарда жакшы тартип болуп калды былтыркы жылга салыштырмалуу
+2
Absamat-90
2019-12-11 10:45:28
Биз документ ишине чабалбыз чынында.Эми мындан ары мыйзам менен иш кылат баары.
+2
Torreto
2019-12-11 10:57:46
Кыргызстанда гос номер тугоп калды деп жатты эле ошол эмне болуптур ???
0
Jaznura
2019-12-11 11:00:27
Авто унааларга чектөө киргизүү керек.
0
Torreto
2019-12-11 11:04:24
Машинага номер алайын деп барсан номер жок дейт ушундайда болобу
номерди жете турган кылып чыгарышпайбы же компания 1мл 300 эле договор болгонбу ким карайт ушуну
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан