Биз социалдык тармакта

Депутат Мавлянова экологиялык баштыкты акысыз берүү керектигин айтты

Депутат Махабат Мавлянова экологиялык баштыкты акысыз берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Чоң соода борборлоруна кат түрүндө кайрылып, экологиялык баштыктарды бекер берүүнү сунушташ керек. Алар экологиялык баштыкты сатып жатышат. Анын баасы арзан эле, ошону бекер бергиле деп сунуш берсеңер туура болот", - дейт депутат.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров бул сунушту карап көрүү керектигин айтты.

Учурда Жогорку Кеңеште “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан