Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда жол эрежени бузгандыгы үчүн салынган айып пулдун көлөмүн кыскарткан мыйзам долбоорун жактырды.
Эми бул мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койсо, күчүнө кирет.
Эми төмөндөгү жол эрежелерин бузган айдоочулар 3 миң сом эмес, 1000 сом айып пул төлөшөт.
- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар;
- Унааны туура эмес токтоткондор;
- Унаалар тиешелүү аралыкты сактабагандар;
- Жол чыракка баш ийбегендер;
- Ашып өтүү эрежесин бузгандар;
- Тыюу салынган сигналдарды колдонгон айдоочулар.
Ал эми унааны жасалма номер менен айдагандар 10 миң сом эмес, 20 миң сом айып пул төлөшөт.