Биз социалдык тармакта

Бишкектеги ок атышуудан жабыркагандардын экөөнө операция жасалат

9-декабрда Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар тарабынан ок атышуу орун алганы маалымдалган. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, алардын бири оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Азыркы тапта жабырлануучулардын абалы туруктуу экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Бейтаптардын абалы бүгүнкү күнгө карата туруктуу деп бааланууда. Эки жабырлануучуга пландык операция жасалат", - деди маалымат кызматынан.

Бул окуя боюнча ИИМ ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жаштагы Т. уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалганын билдирген. Кармалгандардын жанынан Макаров тапанчасы алынган. Шектүүлөр менен жабырлануучулардын баары Токтогул районунун тургундары экендиги аныкталып, алар 1 жарым жылдан бери бири-бири менен касташып келгендиги маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaznura
2019-12-12 12:42:01
Кудайым ден-соолук берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан