Биз социалдык тармакта

Төшүн кармап баратат деген чуулуу сүрөт. Мамкаттоонун жетекчиси ИИМге арыз менен кайрылды

Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылды. Анын кайрылуусуна интернетке тараган 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү себеп болгон. Тагыраагы, талкууга алынган унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Бүгүн, 12-декабрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирүү таратты.

"Алмаз Мамбетов бул ишти териштирүү боюнча арызын 6-декабрда жазган. Ал бир эле жасалма номерди бир нече унаага тагып алгандарды жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн. Ошондой эле жасалма номер менен бара жаткан кишинин сүрөтүн чыгарып, адамдын жеке маалыматын ЖМКга тараткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мониторинг борборунун кызматкерин жоопко тартууну суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берененин 2-бөлүгү (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки иликтөөгө алынган. Бул боюнча тергөө башталып, маалыматты таратып жибергендер жана жасалма номер бергендерди табуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, жасалма номерлүү унааны Мамкаттоонун жетекчиси эмес, Чүй облустук прокуратурасынын кызматкери айдап бара жаткан деген маалымат боюнча Башкы прокуратуранын коопсуздук жана кызматтык иликтөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Алмаз Мамбетов интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатканын Мамкаттоодон билдиришкен эле.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөттөрдүн бирине карата “Алмаз Мамбетов орун басарынын төшүн кармап жатат” деген билдирүү жазылган. Бул боюнча SUPER.KG порталына Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева комментарий берген.

10-декабрда Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев 578 АСD номерлүү Мерседес унаасын 22 жаштагы Н.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну айдап баратканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Abdizhapar
2019-12-12 13:22:51
Башы жол эрежесин бузсан чыгарат да
+7
ma2as
2019-12-12 14:13:20
Эгер чыгарбаганда комускодо калып кетмек . Жакшы кылган коркпой чыгарып . Баарлык нерсени элге ачык болгону жакшыго . Эгер чыгарбаса мындай жасалма номерлер болорун билмек эмес эл , ооз басты болуп калып кетмек .
+9
bond02
2019-12-12 14:16:43
Кыз боозуп алып энесин коркутат деген макал бар беле.
+22
adiaza
2019-12-12 21:03:55
bond02, Чын чычалайт болуп атат окшойт
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2019-12-12 15:14:32
578дин чыныгы ээси Алмаз болсо,анан жасалма номер таккан балада Алмазды кумир тутабы сыягы? Карасан коз айнегине чейин окшош. Эн жакшы коргонуу бул чабуул дегендей анткорлонуп жаткан жокпу? Сапар Исаковдун курсташы,досу,Ысыкколдун экс мери анан да согунгону менен даназалангн ушул эмес беле?
+12
Samatalibei
2019-12-12 16:21:26
ALATOOLUK.JIGIT,Туура айтасын. Бул сурооттогу даана озу эле. Бул суротту таркатып жибергендерди сотко берип ошол шылтоо менен озун актап алгысы бар
+6
Mister-X
2019-12-12 16:56:12
ALATOOLUK.JIGIT,Жанагы согунгон боюнча алдына адам салбаган Алмаз ушулбу? Бала"копкон"экен аябай."Тошу туктуу"бироого жолуга элексин го...
+5
Qwer007
2019-12-12 15:41:14
Уурусу кучтуу болсо, ээсин доого жыгат
+7
Alia82
2019-12-12 17:02:34
Уялбай дагы арвз жазганын, эркек башы мн уялбайбы, катындын да эн жаманы докчу болот
+3
Nevestkaa
2019-12-12 17:13:50
Төшүн карматкан сүрөт күнүнө соңку кабарга 3 жолудан чыгып атат го .Жасалма номер менен жүргөндөр деген тема койсоңор анча окубай коюшабы???
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан