Биз социалдык тармакта

Эскилиги жетти. Президенттин учагын алмаштыруу сунушталды

Президенттин учагын алмаштыруу каралып жаткандыгын Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Алмаз Биймурзаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчынын учагын алмаштыруу өткөн жылы сунушталган. Азыркы учурда Жээнбеков Ту-154 учагы менен учат.

"Ту учагы өтө эски деп айтпайм. Бирок президент заманбап учакта учуусу керек. Жарандык авиация агенттиги "Boeing" учагына алмаштырууну сунуштаган. Бардыгы бюджеттин карамагында болот", - деди Алмаз Биймурзаев.

Президент учкан Ту-154 учагын кезинде Владимир Путин белекке берген. Учак 1993-жылы чыгарылган. "Boeing" учактарынын баасы 20 миллион доллардан өйдө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
Jelezo
2019-12-12 20:30:41
Алып берсе туура болот.
-4
Abdizhapar
2019-12-12 20:40:45
20 миллион го бала бакча мектеп курдурсун башында конгондой эле эл менен учуп журо берсин
+18
yars2017
2019-12-12 20:54:37
ооба учак алып бериш керек учак эски болгону учун да коррупция менен курошо албайтат
-7
omurbek1990
2019-12-12 21:33:24
Президент жонундо жазылса эле 5 6 дежурный кучуктор чыга калып мактап атышат. Ким байкап атат ушул сайттан. Ошолорго айтаарым эмнеге тегиз карабайсынар. Бир эле мисал. Раим. 2-си Батукаев боюнча баары суралып Рысалиевге эчким унчукпайт. Ушул реальнобу. Келгиле минус баскандар жообун кошо жаза кеткиле
+17
Aimani
2019-12-13 00:24:39
omurbek1990,ошол дежурный кучуктордон башка эч ким деле жазбайт бул жакка. Бесполезно. Талап жеп коюшат. Өздөрүнүн жеке пикирин тануулашып
+4
BarsBaatyr
2019-12-12 22:54:16
Атамбаевди дагы Жээнбековду дагы колдобойм. Мына бул сайттагы Жээнбековду айга-күнгө теңеген бир нече адам бар. Силерге айтаарым: ооруну жашырсаң өлүм ашкере дейт. Кемчилигин убагында айткандын эч зыяны жок, тескерисинче кетирген катасын оңдоого мүмкүнчүлүк берет. Атамбаевди дагы убагында сууга тийгизбей мактап жүрдүңөр. Тактан түшөөрү менен бокко булап жатып калдыңар. Ошол эле тактикаңарды эми Жээнбековго колдонуп жатасыңар. Ушинтип куру мактап жүрүп Сокени дагы жеп бүтөсүңөр.
+12
nazarKGZ
2019-12-12 22:55:24
Айчылаш учун алып бериш керекпи озу ай сайын карыздар кобойуп атат азайткандын ордуна
+6
Arlenchik
2019-12-13 01:01:07
Охоо сооронбайдын кудалары бул сайтта коп экен, сооронбайды болот ошол учак, кайсы кыйраткан ишине алат эле,подхалимдикти токтоткула.
+4
Samatalibei
2019-12-13 01:50:23
Раим Жеенбековдордун тубуно жетмей болду! Кайда барба раим же ал камалбады?
+3
akmanai
2019-12-13 02:52:39
Жеке Сооронбай Жээнбековдун ишин жакшы деп айта албайм. Жаман да дебейм. Бирок биздин президентибиз ким болгонуна карабай жаны,сапаттуу учакта башка олко башчыларга тен ата журушун колдомокмун. Жана эли учун да ошол сыйга татыктуу эмгектенишин каалайт элем.
+1
Tolik777
2019-12-13 10:16:55
Раим сатып берсин балашкасына
+1
ArgenMers
2019-12-13 10:47:55
Биз сүйүктүү президентибизди колдойбуз Субхаан Аллах эки дүйнө бактылуулукту насип кылсын Ал Инсанга Аминь
-2
hangug
2019-12-13 14:38:51
Мен Кара Кулжадан болом бирок Жеенбековтун саясатын колдой албайм минустарын айта берсе коп эле мисалы мен карызым крдетим коп анан кантип мен жаны унаа сатып алмакмын абийрим жол.бербейт
+3
Sayragul
2019-12-13 14:49:43
Ал самолетто ким президент экендигине карабай анда биздин олко башчы учат. Ал тармак учун атайын кызмат барда, ошолор алмаштыруу керектигин айтып жатса, демек, алмаштырып жанысын алуу керек.
-3
medet1983
2019-12-13 14:50:53
Жоо журо берсин и так эле эч нерсени кыйратпайт
+4
Nourlan
2019-12-13 19:06:23
Эл менен кошулуп учса болот да . Германиянын канцлери Ангела Меркель деле эч нерсе болбой эле эконом класста учуп жүрөт. Бай өлкө АКШнын президенти деле жаңы самолёт менен маянасынан баш тарткан. Айта берсе мисалдар көп. Эгер андай эле самолет керек болсо, Райымга саттырып алсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан