Биз социалдык тармакта

Төшүн кармап баратат деген чуулуу сүрөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун эки кызматкери жумуштан алынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун эки кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүздү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн бөлөк адамдарга тараткандыгы үчүн мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
interpol
2019-12-13 12:17:42
Жөн эле жумуштан бошотуп койбой чара колдонуш керек
-21
Mister-X
2019-12-13 12:24:15
Буларда эмне куноо?Тигинин тошун кармап атканын тарткан жок го. Оздору деле аны байкабаса керек. Гезитке чыкканда элдер байкап калышкан.
+17
Mirlan27011987
2019-12-13 13:04:06
Сооронбай сага айтаарым, боткого чалынып, коррупцияга малынып, келечекте соттон сотко сүйрөлүп, «сотто адилеттик жок» деп элибиз ыйлап турган кези. Азыр Сокеси баш болуп дал ушул Матраимовго жан тарткандар эртен элдин козуно корунбогуло.
+8
Mister-X
2019-12-13 13:55:14
Mirlan27011987,Бул жерде Сокенин кандай тиешеси бар?Уйундо бир нерсе болсо деле Соке куноолуу болуп калган го. Сокени жактабайм, тема боюнча жазсан боло.
-5
bakyt9
2019-12-13 22:44:30
Mirlan27011987,орустардын бир анекдотту бар. "Орус чал:
---- Энең урайын Путин деп сөгүнүп жатса, эмне үчүн Путинди сөгүп жатасыз деп сураса.
---- Брежневдун убагында жакшы турат эле, Путиндин убагында турбай жатат деп сүйлөнүптүр. Ошого окшоп төшөктө жарабай калсаңар деле Сокени сөгө бересиңерби
-1
Agayu
2019-12-13 13:04:52
Кыргыз элге ким жюстин деген ырды уксам аллергия болуп кетемин. Кыргыз элинде акыйкат , адамдык укуктарды баало деген жок .Коррупция онуккон Элдин баары жэрде жашабай асманда4 жашап калган .Проблема болсо асмандан акчаны ыргытып коюшат.
+7
Alia82
2019-12-13 13:52:52
Чондор коркуп кеттиго дейм, биздин да абийирибиз ачылып кетпесин деп алдын алып
+10
Nevestkaa
2019-12-13 14:06:48
Декабрь айы төш төш төш менен башталды окшойт.
+2
bond02
2019-12-13 14:24:41
Тоштун кесепети.
+5
Arman7
2019-12-13 23:11:01
Аларда эмне куноо бир номер менен ушунча машина журот деп коомчулука корсотуп жатат чара корулсун деп
+1
Aimani
2019-12-14 00:01:01
Биздин өлкөдө бардак болуп калды. Адилеттүүлүк деген өлдү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан