Биз социалдык тармакта

Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду

2019-жылдын 12-декабрында Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп ѳттү.

Иш-чарага Түркия президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Анкарадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилер, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган Кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш-чарага активдүү катышкан бардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиорен муниципалитетинин мэрине жана скульпторлорго терең ыраазычылыгын айтып ѳттү.

Иш-чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2019-12-13 13:27:29
Эн жакшы. Айтматов биз туу тута турган кыргыздан чыккан улуу адам. Бир гана Айтматовтун осуяты менен гана жашаш керек.
+1
talaa11
2019-12-13 14:44:28
Mirlan27011987,кечиресин тууганым бизге кантип туура жашаш керек экенин пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алейхивассалам корсотуп кеткен биз Пайгамбарыбыздын жолун жолдосок эч адашпайбыз
+1
ABAkg86
2019-12-14 01:37:48
Эстелик Атматовго эмес Эмомали Рахмонго окшоп калган окшойт. Чынында эле окшошпой калганго. Туура эмес айтсам кечирим сураймын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан