Биз социалдык тармакта

Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу суракка чакыртылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Замир Жоошев Аскердик прокуратурага суракка чакыртылды. Чакыруу бүгүн келгенин жактоочу маалымдап, бирок чакырууда бир нече ката кеткендигин белгилеген.

"Жашоомдо биринчи жолу суракка чакыртылып жатам. Чакырууга карата менин эскертүүлөрүм:

1. Мен суракка ким болуп барышым керектиги көрсөтүлгөн эмес;

2. Кайсы тергөөчүгө барышым керек, бул да так көрсөтүлгөн эмес;

3. Чакырууда менин жактоочу менен бара турган укугум белгиленген эмес;

4. Барбай койсом кесепети эмне болот? Бул да белгисиз;

5. Мен бара албай калсам, анын себебин айтып коюу үчүн тергөөчүнүн байланыш номери же электрондук почтасы жазылган эмес;

6. Кайсы маселе боюнча чакырып жатышканы да жазылган эмес.

Өзгөчө акыркы суроо маанилүү. Мындан тышкары, профессионалдык сырларды алып жүргөн жактоочу өзү коргоп жаткан адамдын иши боюнча суракка алынбашы керек. Жогоруда мен белгилеген каталарды эске алуу менен жана ИИМдин Тергөө башкармалыгында пландалган тергөө иштери бар болгондуктан, бул суракка барбайм", - деп жазган Жоошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
omurbek1990
2019-12-13 17:20:35
Болбойт э мындай
+1
Alimbek1000
2019-12-13 21:42:56
Бир адвокат кантип ошончо адамды коргойт?
-1
chake
2019-12-13 17:22:01
коркуп кеткенго сен дагы 3 жолу чакырса барбай кой
-9
Jaznura
2019-12-13 17:31:32
Замир Жоошев да күнөөлүү болушу мүмкүн.
-6
Alia82
2019-12-13 18:37:23
Бизде болоберет, кыргызча деп коёт го, жакшы дагы эшиктен кыйкырбаптыр " Замир байкээ, сизди келип кетсин деп чакырып атышат" деп )))
+6
Makul
2019-12-13 18:53:52
Жакында Атамбаевдин атын атаса да чакыра баштайт.
+6
nazarmat92
2019-12-15 12:29:40
100 адамды олтургон кылмышкер болсо дагы анын адвокаты суракка чакыртылып, жоопко тартылбайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан