Биз социалдык тармакта

Ош ОИИБи: "Чакыр атаңды, кел де" деп баласын сабаган келин учурда күйөөсү, балдары менен чогуу Орусияда"

Интернет тармактарына "Күйөөсүнө өчөшүп, аял балдарын сабап жатат" деген видео тараган. Ош ОИИБи видеодогу балдардын апасы делген келин балдарын токмоктогон эмес деп билдирди SUPER.KG порталына.

"Бул видеотасмадагы жаранды тактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, келин Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу. 1989-жылы туулган К.А. экендиги такталды. Ал видеотасма 2019-жылдын ноябрь айында Орусиянын Москва шаарында тартылгандыгы белгилүү болду.

Бул келиндин балдары мектепте окуп жүргөндө "силердин атаңар башка аял алып алды" деп шылдыңдашкан. Мындан улам аялы балдарын алып, Москва шаарына барган. Алар барганда балдардын атасы жумуш боюнча башка жакта болуп, келин балдары менен бир апта туугандарыныкында жашап калган. Ошол убакта балдар ыйлаганын келин видеого тартып, күйөөсүнө жиберген. Анан ошол видео интернетке тарап кеткен.

Азыркы учурда үй-бүлө балдары менен ынтымактуу жашап жатат. Балдардын атасы бир топ жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Балдары атасын сагынып, ыза болушчу экен. Андан сырткары, ар кандай ушак-айыңдар айтыла бергендиктен, балдары ошол ушакка ызаланып ыйлаган учурун апасы тартып, атасына жөнөткөн. Тактап айтканда, үй-бүлө 8-ноябрдан бери бирге жашап жатат. Интернет тармакка таркаган видеотасманы бул үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу үчүн ортодо башка жаран чыгарып жибергендиги тастыкталды", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
rysik79
2019-12-13 17:59:56
Ошондой эле болсунчу... журокту тушурбой.
+12
Shabi
2019-12-13 21:33:42
rysik79,баары Бир таш боор катын экен.
-2
Alia82
2019-12-13 18:40:05
Жакшы болуптур, бактылуу болуп жашасанар балдарынар да бактылуу балалык доорун суруп жашайт
+12
zamir73939
2019-12-16 01:01:27
Alia82, Рахмаат баары жакшы
0
Muslim_KGstana.
2019-12-13 18:55:33
ИИМ жаман актаныптырго,балдар башка катын алып алганын билип ызаланып ыйлагыдай жашта эмес экенго,корунуп эле турбайбы.
Бул жерде келин атайы эле уруп жатат.
Коп калп суйлобогуло ИИМ..?
+4
Nevestkaa
2019-12-13 19:09:23
Төрт көлдүн айыл өкмөтүнүн кайсы айылы экен????
-2
alpinist
2019-12-14 01:58:02
Nevestkaa,Ана-Кызыл
-2
tachkomur
2019-12-13 19:24:53
Иим де Бут калпычылар иштейби же чын еле кок меелер иштейби видеодо баары корунуп туратко сойуп жейм дегендери кантип тергоо кылат булар онолбойт екенда
+6
kushu_bek
2019-12-13 19:49:30
Эмне козунор постектин тешигиби
Урганы корунуп эле туратко.
Анан кандайча урбаган болот.
+4
Begimkyz
2019-12-13 20:32:45
Колун сынсын!!!
+3
Saliman
2019-12-13 20:48:20
Сабап жатканы даана эле оркойуп корунуп жатпайбы ИИМ эмнеге жалган маалымат таратат
+3
Margo82
2019-12-14 00:35:13
Ишенбей,конулум тынчыбай жатат,ушуларды тааныгандар болсо баары жакшы деп айтып койгулачы.
-1
zamir73939
2019-12-16 01:02:06
Margo82, Баары жакшы рахмат туугандар
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-14 00:59:49
Ошондой эле болсунчу.Эртеден бери жүрөктүн үшүн алып бүттү каякка кирбе.
+2
AykaMer
2019-12-14 09:51:07
Значит атасын чакырыш үчүн,атасы боор ооруп келиши үчүн тартылган экен да...ошол видео аркылуу чогуу жашап калышты да.... Эмнеси болсо да бала ден соолуктуу болсо эненин көңүлү тынч, ата- эне бирге бактылуу болсо баланын көңүлүү тынч. Жакшы жашагыла эми... видеону таратып жиберген адамды таап штраф салгыла,бирөөнүн ичидегини билбей туруп үй бүлөсүн бузуп коё жаздады.
+7
zamir73939
2019-12-16 01:04:29
AykaMer, Албетте таап жазалаш керек, ушул видеону семяны бузуу үчүн жарыялаган келин бар, эртедир кечтир жооп берет!
0
Tiken
2019-12-14 11:00:15
Эми балдарынарды таштабай каласынар эркектер! Билип жургуло! Бирок аялды жоопко тартуу керек.
+2
zamir73939
2019-12-16 01:07:55
Азыркы учурда баары жакшы, баарыңыздарга раазычылык билдирем жакшы жакка колдоо корсоткоонунуздорго чооң рахмат! Ал эми ушул семяны бузуу үчүн кылган келин бар ошол келинди тапсак жообун беребиз буюрса!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан