Биз социалдык тармакта

Төшүн кармап баратат деген чуулуу сүрөт. Жол кыймылынын мониторинг бөлүмүнүн бир кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун эки кызматкери жумуштан алынган. Алардын бири А.А. аттуу кызматкер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мониторинг борборунун ички жана сырткы видеокөзөмөлүнөн алынган тасмага кароо жүргүзүү учурунда А.А. номер боюнча маалыматты өзүнүн кызматтык компьютерине көчүрүп алган. Андан соң WhatsApp аркылуу башка адамдарга жөнөткөндүгү аныкталган. Ал 13-декабрь күнү А.А. Жазык кодексинин 304-беренеси "компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк" каралган кылмыш белгилерин жасагандыгы үчүн шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 304-беренеси "компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк" боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
BarsBaatyr
2019-12-13 21:26:16
Ал кызматкер жарыялабаганда жабылуу аяк жабылуу боюнча калмак экен да.
+25
chake
2019-12-14 10:49:10
мамак кармайбы сасок кармайбы ар ким озу билет бирок элге вотсап менен жайлтып жиберген кызматкер эч кандай укугу жок аны озунун жеке номери менен жайылтканга
-10
BarsBaatyr
2019-12-14 11:36:33
chake,мамагы жерге кирсин,мен бир номер бир нече унаада тагылып жүргөнүн жаздым.
+13
Abdizhapar
2019-12-13 21:53:04
Эй акмактар на оборот тошун кармаган жеп ичкичти киргизбейсинерби жасалма номер тагвп алып жургон
+31
Kombi
2019-12-13 22:04:04
Ал кызматкерге сыйлык бериш керек
Кылмышты айтып чыкты. Окмот айткыла дейт айтса карап отурат камагандарды кой дей албай
+33
madina.87
2019-12-13 22:53:04
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймаптыр го.Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат болуптур
+26
Aimani
2019-12-14 00:16:03
Уужасс. Бул эмне деген акыйкатсыздык. Оор кылмышка шектуулорду уй камагына чыгарышат. Коомго коркунуч жаратпаса эмнеге сизо го киргизет
+24
Shabi
2019-12-14 00:50:16
Сокенин саясаты бул
+13
tular
2019-12-14 16:03:35
Эээ уят. Бир номер менен бир нече автоунаа айдаган кылмышкерди жоопко тартпай, кылмышты аныктаган адамды СИЗОго отургузуп коюшту! Уят! Анан кантип өнүгөбүз!!! Сөз жок экенда!!!
+10
Losw
2019-12-14 18:13:02
Соз жок! Сокенин доорунда бийликте озуно окшогон акмактар отурат. Куноолуулорду аныктагандар турмодо, жасалма номер тагып кутуруп жургондор эркиндикте. Мына сага "адилеттуулук"...
+4
nurda00
2019-12-14 21:42:11
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат, оозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун, карга карганын козун чукубайт болуп олуптурда бул жагы. Ойнош оттон ысык боктон сасык болуп, сасыгы чыкканда калп эле куноону моюнга алгандын ордуна, аран жанын багып жургон бир кыщматкер камалды, адам болбойсунар чмолор...
+3
al-abu-kinesz
2019-12-15 16:40:51
Бийлик элди балык кылып кууругусу бар. Тоо кордунбу жок бээ кордунбу жок деген кепти жашообузга алып келген атышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан