Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилди. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Бул тууралуу чечим, 2019-жылдын 12-декабрында Колумбиянын борбору Богота шаарында өтүп жаткан Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 14-отурумунда бир добуштан кабыл алынды.
Аталган сунуштаманы даярдоо боюнча иштер акыркы 3 жылдын ичинде «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду менен биргеликте ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп келген. Сунуштама ЮНЕСКОнун Катчылыгына 2018-жылы жиберилип, көз карандысыз эл аралык серепчилер сунуштамаларды 2 жылдын ичинде талдап, чечимдерин чыгарышкан.
Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитети – өз курамында Конвенцияга мүчө болгон өлкөлөрдүн 24 өкүлүнөн түзүлүп, алар 4 жылдык мөөнөткө шайланып, өз отурумун бир жылда бир жолу өткөрүшөт.
Кыргыз өлкөсүнүн атынан ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарынын тизмелерине «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги; акындардын өнөрү; кийиз басуу өнөрү: ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү; боз үй жасоо өнөрү (Кыргыз өлкөсү, Казакстан); төкмө акындар өнөрү (Кыргыз, Казакстан); жука нан бышыруу маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка (улуттар аралык сунуштама); Нооруз майрамы (улуттар аралык сунуштама) жана көк бөрү киргизилген.