Биз социалдык тармакта

Кесиптик окутуудан өткөн 2 миңден ашык жумушсуз жаран ишке орноштурулду

Кесиптик окутуудан өткөн 2 миңден ашык жумушсуз жаран ишке орноштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3% (2018-жылы- 2,8% түзгөн) болгон. Республиканын шаарларынын жана облустарынын арасында расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (жумушчу күчтүн санынан 1,2%). Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7,3%) белгиленген.

"2019-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102 миң жумушсуз адамды түзгөн, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 миң адамга же 12% көп. Анын ичинен 48,0 миң адам же 46,6% аялдар түзөт. Ошону менен бирге расмий түрдө жумушсуз макамын алгандар 83,3 миң адам, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 18,9% көп.

2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139 миң адам кайрылган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 2% көп (136 миң адам). Алардын ичинде 60% (84 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан.

2019-жылдын 1-ноябрына карата каттоодон 41 миң жумушсуз жаран чыгарылган, анын ичинде 18 миң жумушсуз же 46,1% - жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар. Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
elchi84
2019-12-14 16:32:06
Өкмөт ушунча адамды ишке орноштуруу бекен ишениш кыйын го эсеп кысапты кандай жасап жатышат баардыгы өзү менен озу го Россия Казакстан ж.б мамлекет терге өзүлөрү жумуш издеп кетип жатышат.
+3
Absamat-90
2019-12-14 16:48:23
Акырындан ушинтип жумуш орундарын түзүп өсүү байкалып жатат. Өтө көп болбосо да, мурункуга салыштырмалуу жылуу бар. Уурулар элдин ырыскысын уурдап, өлкөнү карызга батырды эле.
-4
JaneEr
2019-12-14 16:58:43
Кагаз жузундо гана,фактически жок.
+6
altyn-kumush
2019-12-14 17:09:59
JaneEr,фактически сокур эмессиңби? Жогоруда жазылып турат.
-6
JaneEr
2019-12-14 17:44:33
altyn-kumush,сокур эмесмин кордум.Мээн барбы?Фактически менен кагаз жузундо дегенди айырмалай албайсынбы?
+4
nazarmat92
2019-12-14 17:54:19
JaneEr, туура айтасын. Мен да кесиптик лицейди аяктагам. Окуу болумунон документтеринди алаардын астында жумушка кирдим деген справка коргозосун,болбосо бербейт документинди. Ошонун эсебинен ушундай корсоткучторду жазып жатышат
+4
JaneEr
2019-12-14 18:08:33
nazarmat92,ооба да.Окута беришет жумуш орундары жок куру убада баары.
+2
Kyrgyz_bloger
2019-12-14 17:20:12
Сифралар элдин башын айлантат го,окмот жалган айтып конуп калган,кошоматчылар жалаганын койбоду.
+3
munduz2016
2019-12-14 19:14:35
Бирөөсү менмин жумушка орношкондордун )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан