Биз социалдык тармакта

Апта аягына чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Апта аягына чейин өлкөнүн көпчүлүк жана тоолуу аймактарында кар жаайт. Маалыматты Кыргызгидрометтен билдиришти.

16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-декабрда күндүз жана 17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

18-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы күтүлбөйт.

19-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

20-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

21-декабрда түнкүсүн кар жаашы күтүлбөйт. Күндүз тоолу аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

22-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан