Жарандык көзөмөлдөө комитети акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылышты. Алар акыйкатчыдан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, кабар алуусун суранышты.
Активисттер мындай кайрылууну саясатчы Равшан Жээнбековдун сөзүнө таянып жасашкан. Келе жаткан жылдын 9-февралына чейин камакка алынган Равшан Жээнбеков ал жакта абанын температурасы өтө төмөн экендигин айткан.
"Анда кармалган жарандар өтө суук жерде отурушат. Муну кыйноо деп кабыл алса болот. Акыйкатчы бир эле Бишкек ШИИББдин эмес, бардык эле убактылуу кармоочу жайлардын абалы менен таанышуусу зарыл", - дешет активисттер.