Биз социалдык тармакта

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип жатам" деген эки баланын энеси маалымат жыйын берди

Бүгүн, 16-декабрда Асел Темкеева аттуу аял "Супер-Медиа" маалымат борборунда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип жатам" деп маалымат жыйын берүүдө.

"Жолдошум кызуу абалында балдарымды каратып туруп мага кол көтөрдү. Кийин атасынын унаасын айдап чыгып кеткен. Укук коргоо органдары менин сабалганым тууралуу арызды кабыл албай, жолдошумдун туугандары берген арыз менен кылмыш иши ачылды. Анда далилдер жок, бир гана жолдошумдун, анын ата-энесинин мени унаанын терезесин таш менен талкалап салган деген көрсөтмөсү бар. Азыр жолдошумдун туугандары сот аркылуу унаага келтирилген зыян үчүн 15 миң сом төлөтүүгө мажбурлап жатышат", - дейт адилеттик издеп жүргөн 2 баланын энеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан