Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка барды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар аркылуу маалым болду.
Ага ылайык, Жаныбек Бакчиевди суракка чакыруунун себеби - ал Каттоо кызматында жетекчи болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендиги айтылды.
"Учурда ал тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатат. Сурактан кийин ал коё берилет. Жанында жактоочусу бар”, - деп айтылат маалыматта.
Бакчиев Каттоо кызматынын жетекчилигинен 2011-жылы кеткен.