Биз социалдык тармакта

Хабаровск шаарындагы окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин кеңешчи-өкүлүн чакырды

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин кеңешчи-өкүлүн чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда кыргыз тарап Хабаровск шаарында иштеген Кыргыз жарандарынын ОМОНдун зомбулугуна кабылуу фактысы болгонун белгиледи.

"Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ОМОН кызматкерлеринин мындай кыймыл-аракеттерине протестин билгизип, алар кызмат абалынан аша чаап кеткендигин белгиледи.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Кыргыз жарандары кабылган окуяны тыкыр териштирип, күнөөлүүлөргө чара колдонулушун камсыздоого чакырды.

Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүндөгү Орусия элчилигинин өкүлү бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатканын эскертти. Орусиялык дипломат бул окуя алардын жеке көзөмөлүндө болоруна ишендирип өттү”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги дагы Хабаровск шаарында болуп өткөн окуя тууралуу өз маалыматын берди.

“Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылды. Кыргыз өлкөсүнүн Хабровскидеги консулу Кадырбек Мырзабаев жабырлануучулар менен маектешип, алардан түшкөн арыздарды Хабаровск шаарынын күч органдарына тапшырды”, - дешти Элчиликтин басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, Орусиянын Хабаровск шаарында 12-декабрда ОМОН кызматкерлери 73 мигранттардын документтерине текшерүү жүргүзүп, аларды 3-4 саат бою ур-токмокко алган факты катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2019-12-17 09:24:28
Кылмыш иши ачылган болсо тыкыр иликтеп мигрантдардын укугун коргоп бергиле
+3
Absamat-90
2019-12-17 09:33:06
Мигранттардын документтеринде катачылык жок бекен. Эн башкысы,мыйзам бузуу ким тараптан экенин тактоо керек.
+2
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-17 09:48:23
Айтып жатпайбы силер коптунор мыйзамга баш ийбей деп бул чындыгында туура эле болгон Кыргыздарга документ женил болуп коздоруну май басты!!!!
-1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-17 09:49:46
Россия Кыргызстан эмес каалагандай мыйзам бузуп журо бере тургандай!!!
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-17 09:52:04
Чет жерде жургондо озубуздун мусапыр мигрант болуп жургонубузду унуттук, озунчо эле крутой баары кичинесинен чонуна чейин айрымасы жок!!!
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-17 09:56:25
Кыргызды кур намыс олтурот деген чын соз экен!!! Россияда иштеп куну туну бала чаканарды таштап койуп жургон туугандар,ким экенинерди эмне кылып жургонунорду унутпай эртерак кайтып келгиле мекенинерге!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан