Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында пикир келишпестик орун алып, кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбө Нуртилек Каримов билдирди.

Айтымында, Тажик тарап такталбаган жерге курулуш иштерин жүргүзүп жатат.

"Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылында Тажик тарап такталбаган жерге келип, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирди ал.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул тууралуу маалыматтарды тактап, 2 тараптуу чыр курулуштун айынан чыкканын билдирди. Учурда Кыргыз-Тажик тараптардын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүүдө деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты
"Тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштады", - деп билдирет күбө
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaznura
2019-12-16 19:18:38
Эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул жерде бир гана тараптын кызыкчылыгын коргобой тургандай багытта жүргөнүн түшүнсөк болот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан