Кыргыз тарап Тажикстандын бир заставасын басып алды деген маалыматты Тажикстан четке какты

"Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары Тажикстандын "Хожа Алъо" чек ара заставасын басып алган эмес" деп Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратты.

"Тажикстан Республикасынын "Хожа Алъо" чек ара заставасын Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматынын "Бөрү" атайын ыкчам тобу тартып алгандыгы жөнүндө маалымат провокациялык мүнөздөгү жалган маалымат болуп саналат. Провокацияга алдырбооңузду суранабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

"Тажик тараптын миномёт менен аткылаганынан, Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара заставасынын имараты күйүп кеткен. Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Хожа Аъло" чек ара заставасын басып кирди", - деп Чек ара кызматы маалымат тараткан болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bakss
2021-05-01 14:25:06
Эми не дейсинер бул жоопко
+4
Gulina90
2021-05-01 14:41:33
Өзүбүздө күнөө элдер,Садыр кыйратат,Садырды кудайдай көрүп,Садырдан урук алабыз,лампичкам деп көтөрүп ийдик,Садыр бир приказ берип,Армиянын бүт көтөрүп тизип койбойбу эл үчүн күйсө.
+2
Jonisem
2021-05-01 16:02:16
Эгер оружия берсе граждандык согуш болуп кетет баш аягын ойлоп приказ бербей атса кк жакшы күмөн кылалы ким не кылып атат Алла өзү жазалайт акылын жетсе да жетпесе да бок сакты жаза бербегиле
0
Nur777
2021-05-01 16:07:36
Jonisem,Кайсы армияны тизип коёт,бизде кайсы жыргаткан армия бар эле? Озубуздун саныбыз аз,мин кыйын болгон кундо да боодо кырылып калбайлы деп жатат да Садыр дагы..
+4
Nur777
2021-05-01 16:08:36
Jonisem, кечиресиз,жогорудагы Gulina90го жазгам жооп.
0
Bobby1995
2021-05-01 16:42:52
Nur777,туура айтасыз кайсы армия бар,телдин артында туруп алып суйлогонго кыйынбыз
+1
aslan_akjol89
2021-05-01 21:28:55
Jonisem,граждандык согуш деген башка.Бир мамлекеттин ичинде бир олконун жарандары согушса граждандык согуш деп аталат.
+1
Shayrbek83
2021-05-02 00:45:56
Садыр,Садыр Камчы,Камчы деп эле жатып калдык, президенттердин кандай келип,кандай шайланганынан да коз каранды коншу олколордун мамилеси,ошон учун шайлоодо жанылбайлы,мен эчкимди жакшы жаман дебейм,Садырдан башкасы келседа ушул чыр болмок,себеби биз ар 5,10 жылда президенттерди кууп чыгабыз ошону кесепети
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан