Биз социалдык тармакта

Бишкектин люктары ачык калды. "Бир жылда 800 люк уурдалды" дейт мэриядан

2019-жылдын эсебинен 800 люк уурдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Акыркы жылы Бишкекте 800 люк жана жаан өткөрүүчү темир торчолор уурдалды. Мурун жол четиндегилерди алып кетишсе, азыр жаңы конуштардан, борбордук көчөлөрдөн темир торчолорду уурдап жатышат. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы буга чейин укук коргоо органдарына бир нече ирет кайрылган. Азыркы күнгө чейин бир дагы люк табылып же кылмышка шектүүлөр кармалган эмес.

Боталиев көчөсүндө темир тор уурдалып, оозу ачылып калган люкка 2-класстын окуучусу түшүп кетип, жаракат алган. Күбө болгон тургун дароо милицияга арыз менен кайрылып, өзү да иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган. Кошунасынын видеокамерасына түшүп калган видеодон ал такси кызматын көрсөткөн унаадан эки киши түшүп, торчону унаасына салып кеткендигин көргөн. Аталган окуя 12-ноябрда болгон. Ошондон бери жыйынтык чыга элек. Жоголгон люктун капкактары, темир торчолорду мындан ары мамлекеттин бюджеттен калыбына келтирүүгө туура келет. Сураныч, шаар тургундары, люктарды уурдабагыла! Жабырлануучулардын ордунда сиздер деле болуп калышыңыздар мүмкүн!", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aza84
2019-12-16 20:32:48
Ак оргодо практический барын урдап кеткен ким урдаса дагы жакшылык корбосун
+6
Jelezo
2019-12-16 20:50:27
Пластмасадан жасалган люктарды койгула ошондо урдабай калат
0
keku00
2019-12-16 20:56:14
Ууруну табыша алышпаса биздин МВД эмне иш кылып жатышат, тушунуксуз?! Темир эритуучу цехтерди издешсин, же темир ташыган грузовиктерди томожнядан текшеришсин. Элементарный нерселерди жасашышпайт, тообо. Жеген нанынарды дагы актап жегиле ГУВДда иштеген балдар.
+1
take1984
2019-12-16 21:20:45
милиция жана элге ар бирине 20000 сом беребиз десе тез эле таап келишет эле
0
Kuba-savai87
2019-12-16 22:06:52
Темир алгандарды алба деш керек сындырып тапшырышат да сыныгын дагы алба деш керек адамдарга ынсап берсин
+1
Kyrgyz_bloger
2019-12-16 22:17:49
Бизде жонокой элден баштап ак уйдогулорго чейин бут ууру,элге жараша бийлик да,анан да улуу элбиз,айкол элбиз деп коебуз азыр акча учун баарына даяр эл болуп калдык,жолдогу бир адамдарга зыян берчу нерсени четке алып койсон сенде ыймандын эн томонку тепкичи да болсо бар болот,бирок минтип элге зыян бергендер силер онолбосонор акыретинер оор болот.
+1
chake
2019-12-17 09:35:01
Кыргыздын душманы кыргыз бомждан баштап элитасына чейин уурдайт
0
Abdizhapar
2019-12-17 17:06:00
Бомждар уурдап саткан да арака бирок ошону коруп билип алган темир пуруштар акмак эшек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан