Биз социалдык тармакта

Бишкектеги коомдук транспортторго электрондук билеттер кийинки аптадан тартып сатыла баштайт

Бишкектеги коомдук транспортторго электрондук билеттер кийинки аптадан тартып сатыла баштайт. Бул тууралуу мэриядан маалым болду.

Кийинки аптада системди текшерүү үчүн 2 миң даана билеттер таратылат. Алар адегенде тексттик режимде иштейт.

Буга чейин Бишкекте коомдук унаада жүрүү үчүн электрондук билеттерди колдонуу 2020-жылдан баштап жүргүзүлө баштай турганы маалымдалган.

"Коомдук транспорттогу электрондук билет” системин ишке киргизүү боюнча тендерди Швейцариянын "BPC" компаниясы утуп алган. Анын алкагында банктык эмес төлөм карталарынын үч түрү чыгарылат. Алар: 1.Унаада акысыз жүрүү үчүн карталар категориясы; 2.Окуучулар үчүн жеңилдетилген карта; 3.Кадимки жеңилдиктери жок төлөм карталары. Бул карталар бири-биринен аталышы жана дизайны менен айырмаланып турат. Ошентип пенсионерлер үчүн атайын жеңилдетилген категориядагы карталар чыгарылат. Компания социалдык фондко сурам жөнөтүп, пенсионерлердин жана жеңилдетилген категория берилчү адамдардын маалыматын тактоодо”, - дешкен мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2019-12-17 14:09:52
Жагымдуу кабар. Биздин өлкөдө да ушундай алгылыктуу иштер көп болуп элибизге жеңилдик көбөйө берсин.
+3
chake
2019-12-17 14:13:39
Башка мамлекеттен жок дегенде санариптешүүдө арта калбайш керек
+2
Nazar76
2019-12-17 14:46:22
Тройка сыякууго дейм
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан