Биз социалдык тармакта

Ала-Бука районуна жаңы айыл өкмөтү шайланды. Кээ бир айыл өкмөттөрүндө шайлоо ишке ашкан жок

Бүгүн, 17-декабрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ала-Бука айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгында 17 добуш менен айыл өкмөт башчылыкка Самат Койчумбаев өткөн. Жалпысынан Ала-Бука айылдык кеңеште 31 депутат бар, алардын баары шайлоого катышкан.

Ал эми Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө "бардык талапкерлерге каршы" добуш көп чогулгандыктан жана Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнө бир да талапкер катталбагандыктан, шайлоо ишке ашкан жок", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан