Биз социалдык тармакта

Жогорку Сот "Ачык саясат" гезитинен депутатка 300 миң сом өндүрүп берүү чечимин күчүндө калтыргандан кийин "Кожобек Рыспаевге 1 сом" акциясы башталды

"Кожобек Рыспаевге 1 сом" аттуу акция башталды деп "Ачык саясат" гезитинин редакциясынан маалымдалды. Маалыматка ылайык, мындай аракет Жогорку Соттун аталган гезитке карата чыгарган чечиминен кийин башталган. Тактап айтканда, кечээ, 17-декабрда Жогорку Сот "Ачык саясат" гезитинен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом өндүрүп берүү чечимин күчүндө калтырган. Мындай чечимди буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган болчу.

"Биз бүгүн редакциялык жамаат Ак Үйдүн астында өтө турган митингге чыгабыз. Ал жерден "Кожобек Рыспаевге 1 сом" акциясы башталат. Акцияда ал депутатка катышуучулардан бир сомдон топтойбуз. Кээ бирлер бизге 7 сомдон топтогула деп жатышат, биз дагы ойлонуп көрөбүз", - дешти редакциядан.

Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова бул чечимди: "Бул саясий заказ, сөз эркиндигине болгон кысым" деп сыппаттай тургандыгын жазды.

Буга чейин депутат гезитти "Рыспаевди иттен чыгарып коюшту..." деген макала үчүн сотко берген. Ал алгач доо арызга 300 миң сом акча өндүрүү талабын койсо, кийин кайра арызга 1 миллион сом өндүрүп берүүнү жазган. Ал эми макала гезитке 2018-жылы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Mirlan27011987
2019-12-18 10:49:40
Кайсы жакта чогултабыз. Айтып номерин жазып койгулачы. Мен 2 сом берем.
+4
Absamat-90
2019-12-18 10:55:05
Эмне учун Мамытова журналисттик этиканы бузуп, бироонун аброюна шек келтирген материал чыгарып, жазасын алса,элден акча чогултат? Кол менен кылганды моюн менен тартуу керек.
-2
tynar92kg
2019-12-18 10:55:26
Макаласын кайдан тапсак болот?
+3
Jaznura
2019-12-18 11:00:37
Биздин мамлекет Сөз эркиндиги боюнча 83-орунда турат. Бул деген Орто Азия боюнча биринчи орунда турат.
-4
Losw
2019-12-18 16:01:33
Jaznura, корунуп турат соз эркиндиги, чындыкты айткандардан 60 миллион талап кылып жатышкандан кийин!!!
+1
Altyn.bala
2019-12-18 11:43:53
мен дагы берем 1 сом.
+2
bond02
2019-12-18 14:03:20
Менден 10 сом кетти, чонтоктон тушуп калгандан коро соопчулукка кетсин.
+2
Losw
2019-12-18 16:01:46
Мен дагы 100 сом берем!!!
+1
al-abu-kinesz
2019-12-18 17:42:07
Счет ачкыла именно бир сомдон которолу. Жалан бир сомдук монетка менен толоп бергиле 6-7 мешок акча болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан