Бүгүн, 18-декабрда Ак Үйдүн жанында "Reакция 2.0 Сөз эркиндиги үчүн жана коррупцияга каршы" аталышындагы тынчтык акциясы болуп өттү. Аталган акцияга балдарын кошо ээрчите келген ата-энелер да болгон.
Социалдык тармактын колдонуучулары "Балдарды да ушундай иштерге колдонсо боло береби? Булардын коопсуздугуна ким жооп берет? Эмнеге аларды саясатка аралаштырып жатабыз?" деп жазышкан.
Бул билдирүүгө башка колдонуучулар мындай митингге балдарды алып келүү кооптуу экенин, эгер башкача окуялар орун алып кетсе, алар жабыркап каларын жазышкан.