Депутат Зиядин Жамалдинов эшек эти боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иши боюнча маселени өткөндө көтөрдүм эле. Мына менин колума уруксат кагазы келип түштү. Бул жерде бир фирмага 5500 эшек терисин "Торугарт" аркылуу алып өткөнгө уруксат берилиптир. 5500 эшек көп да. Эгерде эшектер биздин өлкөдө союлган болсо, эттери кайда кетти? Ким көзөмөлдөп жатат? Эл жаңы жылга жакын кандай эт аларын билбей калды. Эшек бизнес болсо, тирүүлөй алып кетишсин. Аталган инспекциянын "крышасы" аябай чоң кишилерби, канча жолу көтөрөбүз? Бул маселеге чекит коюу керек", - дейт Жамалдинов.