Биз социалдык тармакта

Социалдык тармактарга троллейбустун ичинде сабак окуп отурган баланын сүрөтү тарады

Бишкекте коомдук унаада сабак окуп бара жаткан баланын сүрөтү тарады. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда окуучу бала отургучка окуу куралдарын коюп, сабак окуп жатканы тартылган. Окуучунун бул аракетин интернет колдонуучулары мактоого алып, окууга болгон дилгирлигин белгилеп өтүшкөн. Ага улай сүрөттүн алдына көптөгөн жылуу пикирлерин калтырышкан. Айрымдары аны "келечектеги президент" деп атаса, кээ бирлери "баардыгы эле ушундай окуса, сабатсыз өлкө аталмак эмеспиз", - деген оюн айтышкан.

Маалым болгондой, сүрөт №4 троллейбустун ичинен тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sinej
2019-12-19 17:48:54
Жаштардын эртеңки келечеги, бүгүнкү алып жаткан билиминине көз каранды. Жаштардын билим аркылуу гана дүйнө таанымын кеңейтүү керек. Ар кайсы арабтардын, эврейлердин диний түшүнүктөрдү жаш балдарга таңуулабагыла чала молдолор.
-3
Mamiev
2019-12-19 18:12:08
sinej,Арабтар эмне жардырууга адам өлтүрүүгө уйротобукен. Билим менен кошо ислам динин алып кетсе жанылышпайт. Тушунбойм эч ар жерге ислам динин кыпчып турасынар. Ислам дини уурдабоого калп айтып бирөөнү урбасын зына кылбасын аялды сыйлоого үндөйт. Же эмне Европаны туурап калп айтып аялыны ачык кийинтип гейлерди уйротсунбу бүнун баары искусство деп.А кичинекей балага айтаарым ар дайым окууга кызыгып көп көп билим алып өз олконду онуктургон азамат бол
+12
chake
2019-12-19 17:49:14
Окуйм деген балага эч нерсе жолтоо кыла албайт молодец окуй бер ылайым эл башкарган эр азамат болуп чык
+12
Jaznura
2019-12-19 17:52:11
Мындай окуя менде да болгон маршруткада тапшырма жазып кеткем. Аттиң сүрөткө түшпөй калган экем.
0
Wibee
2019-12-19 18:00:30
Болор бала богунан
+1
Absamat-90
2019-12-19 18:11:04
Сабак окуганы ото жакшы билимге дилгир болгону. Бирок үйүндө ата эне көзөмөлго алуусу керек го, тапшырмасына жардам берип. Бул көрүнүш бир жагынан жакшы окуп аткарып баланын жоопкерчиликтуу экени, экинчи жагынан ата эненин кайдыгерлиги балага көңүл болбогону...
+3
bond02
2019-12-19 18:14:48
Сабактан келип ойноп кеткен го бала, уй тапшырманы унутуп.
+2
aidinaernur
2019-12-19 19:33:14
Биз тапшырманы жолдон отуруп жасап койчубуз мектептен кайтканда
Тал теректин саясында, жашыл чопто отуруп алып. Кызык болчу

Бул баланын келечеги кен, омурлуу болсун!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан