Депутат Иса Өмүркулов өлкөнүн социалдык камсыздандыруу тармагында кескин реформаларды жасоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Социалдык камсыздандыруу тармагында кескин реформаларды жасап, пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн жашоо керектөөсүнүн көрсөткүчүнө теңдөө зарыл. Пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү жашоо керектөөсүнүн көрсөткүчүнөн кем болбошу керек. Ал үчүн реформа жасоо шарт”, - деди ал.