Биз социалдык тармакта

Депутат судьялардын жардамчыларын кыскартуу туура эмес кадам экенин билдирди

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев соттордогу жардамчыларды кыскартуу жөнүндө сөздөр жүрүп жатканын эске салды.

Ал азыркы учурда судьялар караган иштер өтө көбөйүп кеткендиктен, алардын жардамчыларын кыскартуу туура эмес кадам экенин белгиледи. "Ансыз деле иш көп, судьялардын жардамчыларын кыскарта турган болсоңор, анда жалпы сот тутумунун иш ыргагына доо кетет", - деди ал.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумунун ишин оптималдаштыруу максатында мындай демилгени өзү көтөргөнүн, бирок бардык судьялардын эмес, Баткен сындуу бир катар облустардагы судьялардын жардамчылары кыскартыла турганын билдирди. "Анткени ал аймактардагы судьялардын ишинин көлөмү ансыз деле аз, ошондон улам ушундай кадамга барууга туура келди", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2019-12-19 17:44:32
Судьялардын жардамчылары деле өз кызматтарын кылышат. Алардын санын кыскартуунун кереги жок.
-1
chake
2019-12-19 17:48:21
Судьялар кыскаратып эмне кыласынар андан көрө өзүңөр кыскаргылачы
-1
bond02
2019-12-19 18:12:32
Судьялар оздору эмне иш кылышат деп эч ким суроо салбайт э. Бийликтин камчысы судьялар.
+4
nuke-85-85
2019-12-20 12:07:00
Бечара судьяларга кыйын эле болот экен да жардамчылары жок. Учурда бардык ишти жардамчылары эле жасайт. Азыр кобунесе эч нерсе билбеген акчасы коп судьялар олтурат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан