Биз социалдык тармакта

Өкмөт убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн февралга чейин узартышы мүмкүн

Өкмөт убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартышы мүмкүн. Учурда 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү туруктууга алмаштыруу иштери улантылып жатканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Өкмөт айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу учурундагы узун кезектерди эске алып, бардык жарандар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга жетишүүсү үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенип жатат.

Учурда тиешелүү чечимдин долбоору Өкмөттүк аппаратта макулдашылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
temirov76
2019-12-21 18:21:27
Бизнес
-1
Parish
2019-12-21 18:39:18
Акча табуунун бир жолу да,Кыргызстанда ар бир уйдо бирден машина бар Эми праванын акчасын эсептей бер
+1
Absamat-90
2019-12-21 18:53:37
Теманы окусаңар убактылуу берилген күбөлүктү туруктуу берүүгө деп жатат. Канчалык жарандарга жакшы болсун деген сайын, отко айдаса топуракка качкан эчкидей болбогулачы.
0
Tolkun555
2019-12-22 08:12:23
Absamat-90,тушунуп тушунбой эле суйлогон недовольныйлар кобойду.
-2
Parish
2019-12-22 21:37:11
Tolkun555, Эй недовольный сага бекерге алмаштырып берет бекен .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан