Кечээ, 21-декабрда саат 22:45те Бишкек-Ош унаа жолунун 199-чакырымында кар көчкү түштү. Буга байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда жана Токтогул районунун "Арал" постунда унаалардын бардык түрүнө, маалымат такталганга чейин каттам эки тараптуу убактылуу жабылган.
ӨКМнын маалымат кызматынан билдиргендей, учурда жеңил унаалардын каттамы үчүн жол ачык. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар. Кар массасы тазаланган деп кошумчалады.