Интернетте "мандариндин ичинен дары чыкты, этият болгула" деген билдирүү менен видео тарап жатат. Анда белгисиз киши бир эмес эки мандариндин кабыгын аарчып, ичиндеги мөмөдө дары бар экенин көрсөтөт. Көпчүлүк колдонуучулар бул видео Кыргыз өлкөсүндө тартылганын айтып, чет өлкөдөн келген азыктарга такыр көзөмөл жок деген нааразычылыктарын билдирген.
Бул видеону 21-декабрда Орусиянын Амур облусунун тургундары жарыялап, бири-бирине жиберип жатканын орус басылмалары жазып чыкты. Алардын маалыматына ылайык, видео Кыргыз өлкөсүндө же Казакстанда тартылган болушу мүмкүн.
Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн тийиштүү мекемелери жогорудагы видео тууралуу тастыкталган расмий маалымат тарата элек.