Бишкекте 9 жаштагы изделип жаткан Иса Чолпонбаев табылды. Бул тууралуу баланын апасы социалдык баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Иса Чолпонбаевди 22-декабрь күнү саат 11:50 чамасында ЦУМ жактагы жер алдындагы өтмөктөн акыркы жолу көргөндөр болгон.
Ал көк түстөгү куртка жана боз түстөгү баш кийим жана бут кийим кийип жүргөн.
"Баламды милиция кызматкерлери түндө таап келишти. Балам аман-эсен кайтып келди. Милиция кызматкерлеринин аракетине ыраазымын", - деп жазган баланын апасы.