Биз социалдык тармакта

2020-жылы "Ак-Жол" - " Кордай" көзөмөл өткөрүү бекеттери жабылат

2020-жылы реконструкциялоо иштерине байланыштуу Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" – "Кордай" көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын депутаттар тобунун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, Казакстандын мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко келе жаткан жылы «Кордай» бекетин оңдоо иштери башталарын айткан.

"Мындан улам каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет. Ошондой эле "Ак-Тилек" – "Кара-Суу" өткөрмө пунктунан жалаң жүк ташыган автоунаалар каттагандыктан анын көпүрөсүндө да көйгөй бар экени билдирилген", - деп айтылат маалыматта.

Казакстандын расмий маалыматы боюнча, эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.

Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча ачыла элек. Казак тарап бул пункттардын жабылышына чек арадан өткөн элдин жана автоунаалардын аздыгын жүйө келтирген.

Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам, 465 миңге чукул автоунаа өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2019-12-23 16:21:00
Эртерээк кытай узбекстан кыргызстан темир жолун бутуруп европага чыкпасак казактар ар кандай шылтоо менен бизди кууратмай болду
0
titanik32
2019-12-23 16:33:31
chake,Эртерээк дейсиң,темир жолдун салынышына каршы чыгуу керек.Эгерде темир жол салынса Кыргызстанды Кытай басып каптап кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан