Биз социалдык тармакта

Сиз мындай фотосессия кыла элексиз! "Бишкек жылуулук тармактарынын" кызматкерлеринин 20-кылымга жетелеген сүрөттөрү

"Бишкек жылуулук тармактар" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери #трансформация деп аталган челленжге катышып, атайын фотосессия жасашты. Анда аталган ишкананын жетекчиси Виктория Мозгочева жана жумушчулар "Улуу Гэтсби" романынын каармандарына айланып, фотосессияга тартылды. Жумушчулардын формачан эмес костюм-шым, көйнөк кийген сүрөттөрүн Бишкек мэриясы бүгүн, 23-декабрда таратты.

Белгилүү болгондой, #трансформация челленжине шаардык кызматтар катышууда. Алгач 20-декабрда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери костюм-шым кийип түшкөн сүрөттөрү тараган. Андан кийинки эстафетаны "Бишкек жылуулук тармактар" ишканасы алганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toktor89
2019-12-23 20:54:05
Тазалык анан мунусу эми кезек кимде?
Электрик же милиция ?
-4
tular
2019-12-24 19:31:50
toktor89, менттердин кереги жок. Анысыз деле аларды күндө көрөбүз...
0
chake
2019-12-24 09:16:26
эл үчүн кызмат кылган кызматкерлер бар болгула
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан