Биз социалдык тармакта

Бишкекте түнкүсүн коомдук жайларда жүргөн 10 өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери "Камкордук" иш-чарасын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, иш-чара 21-22-декабрь күндөрү өткөрүлдү.

"Аталган иш-чаранын максаты - өспүрүмдөр арасындагы көзөмөлсүз жана кароосуз калууларын эскертүү, жашоо-шарттары оор абалда жүргөн балдарды аныктоо. Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери соода-түйүндөрдү, кичи базарларды, автобекеттерди, темир жол бекеттерин, компьютердик клубдар жана башка коомдук жайларды текшерүүгө алды. Анда түнкүсүн коомдук жайларда жүргөн 10 өспүрүм кармалды. Алардын 8инин ата-энеси такталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми 2 өспүрүм ИИМдин укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилип, алардын ата-энесинин телефондору өчүк болуп чыккан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан