Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 жашар кыз жоголуп, кайра табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы айылында 2016-жылы туулган Д.А. аттуу кыз дайынсыз жоголгон.
Куткаруучулар кызды аман-эсен табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.