Биз социалдык тармакта

Оштун айрым айылдарында калыңдыгы 1 жарым метрге жеткен кар жаады

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1 метрден ашуун кар жаады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, тынбай жааган кардын кесепетинен Кара-Кулжа - Алайкуу жолу 23-декабрда жабылган.

"Бизге көнүмүш болгон "Жол азабы, көр азабы" башталды. Кечээ, 23-декабрдан бери Кара-Кулжа - Алайкуу жолу жабык. Алайкуу, Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында 1 жарым метр кар түштү. Чалма айылынан нары, Ой-Талдан бери эки техника иштеп жатат. ДЭУнун жетекчиси менен тез-тез сүйлөшүп жатам. Азыркы убакта жолдо 4 техника иштеп жатыптыр. Түндө Тамчы жолун ачышты, бирок шамал токтобогондуктан, бурганак жолго кар үйлөп жатат. Кечке чейин, буюрса, жол ачылат деп убада кылышты. Жол ачылганча жолго чыкпай туруңуздар туугандар!" - деп жазган ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, кардын калың жааганына байланыштуу жолдордо кар көчкү түшкөн.

"23-декабрь күнү саат 17:45 чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-85-чакырымында, тагыраагы, Тамчыда үч жерге жалпы көлөмү болжол менен 5900 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок", - деп кабарлайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-zigit
2019-12-24 15:05:05
Садага болоюндар!эч кыжаалат болбогула силердин жолунарды тазалатбаган жетекчи ошол куну ишинен кол жууйт
+6
toktor89
2019-12-24 15:07:07
KG-zigit,
Туура айтасын
+1
bond02
2019-12-24 15:28:56
Чыдагыла кубатымдар.
0
Kuba-savai87
2019-12-24 18:10:32
Кичине фарды очуруп албайсынарбы
0
gitaris93
2019-12-25 00:39:45
Шамалды сайда кар жоок жаз келет окшойт ш сайга
0
Bekish-
2019-12-25 04:45:14
Эх Кара-Кулжам менин сагындым гоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан