Алай районуна Улуу Памирден 44 кыргыз келди. Бул кабарды SUPER.KG порталына 2 жыл мурун Кыргыз өлкөсүнө Ооганстандан келген Абдулвакил Турдуахун уулу тастыктады.
Анын айтымында, алар Алайдын Сары-Могол айылына жайгашышкан.
"Памирден келген туугандардын 24ү 18 жашка чейинки балдар. Калгандары улуулар. Алар аталган айылдагы эски мектепке жайгаштырылды. Эски мектеп буга чейин атайын оңдолуп түздөлгөн. Биринчи иштердин бири - балдарды окууга жайгаштыруу. Негизи Улуу Памирден келгендер ушул өлкөдө жайгашып калсак деген ниет менен келишти. Азырынча мектептин имаратында жашап турушат, бирок өлкө бийлиги алардын тагдырын чечип берет деп үмүт кылып жатабыз", - деди Турдуахун уулу.