Ош шаарында кечээ, 24-декабрь күнү кечинде башкы балаты жанды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда Ош шаарындагы борбордук аянтта концерттик программа уюштурулуп, балатыны жандыруу аземи болуп өттү.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, жаштар катышты. Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, борбордук аянтта 31-декабрга чейин майрамдык кече улана тургандыгын кошумчалады.
Иш-чара жаштарга арналган дискотека менен уланды.