Биз социалдык тармакта

Депутат Тиллаев: "Жогорку Кеңеш ооруканага окшоп калды, ооругандардын бардыгы бизге кайрылып жатышат"

Депутат Таабалды Тиллаев гемодиализге муктаж адамдар ага кайрылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңеш ооруканага окшоп калдык, ооругандардын баарысы бизге кайрылышат. Өкмөт ачык түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйсүңөр. Өткөндө Баткен облусунан гемодиализге муктаж адам келди. Ал гемодиализ алуу үчүн кезек маселесин айтты", - дейт Тиллаев

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев гемодиализ алуу боюнча бизде бирдиктүү электрондук кезек бар экенин айтты. "Ошол кезек боюнча иш алып барылат. 1 518 адам мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Баткенде гемодиализ ала турган эки борбор бар", - дейт Каратаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан